Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

АКИ-TV: Филармония тараптагы жер алдындагы өтмөк оңдолуп бүттү (фоторепортаж)

Turmush -  Бишкек шаарындагы Манас жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер алдындагы өтмөктү оңдоо иштери аяктады. Шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Койчогул Ибраимовдун айтымында, жер алдындагы өтмөктүн ачылыш аземи 10-сентябрда болот.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн электрдик таянычтарды орнотуудан тышкары курулуш иштеринин бардыгы жыйынтыкталды. Алар Россиядан буйрутма менен алынып келип, октябрь айынын башында орнотулат», - деди ал.

Учурда айнектерди жана тепкичтерди тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, жашылдандыруу иштери аяктап, брусчатка төшөлдү. 

Жер алдындагы өтмөктү оңдоо иштери 3 ай мурун башталып, аны «ГлавТехИнвест ЖЧКсы ишке ашырды. Аталган компания 27 млн сом сунуштап, тендерди утуп алган болчу.

Оңдолгонго чейинки жана кийинки көрүнүштөр:


 


 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2509
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×