Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Россияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, 9 адам жабыр тартты

Turmush -  Бүгүн, 4-сентябрда Россиянын Саратов шаарында катталган жол кырсыкта Кыргызстандын жарандары жабыр тартты. Бул тууралуу РИА агенттиги мамлекеттик жол коопсуздук инспекциясынын шаардык бөлүмүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык Бишкек убактысы боюнча саат 08:00 чамасында Сокурск чоң жолунда болгон.

«Айрым маалыматтар боюнча «Toyota» үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, 9 адам жабыр тартты. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жол кырсыгына учураган унаалардын биринде Кыргызстандын жарандары болгон, алардын ичинен 8 адам жабыр тартты. Жабырлануучулардын экөө оор абалда.

Россиялык ЖМКлар мамлекеттик жол коопсуздук инспекциясынын шаардык бөлүмүнө шилтеме берүү менен жол кырсыгына «Тойота Эстима» унаасынын айдоочусу күнөөлүү экенин билдиришти. Ал жол эрежесин бузуп, «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. «Эстима» кичи автобусунда Кыргызстандын жана башка Орто Азия республикаларынын жарандары болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1223
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×