Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Мьянма менен Кыргызстандын футболчулары беттешпей калды

Turmush -  Бишкек шаарында Кыргызстан менен Мьянманын футболчуларынын беттеши болбойт. Мындай чечим террордук жардырууларды алдын алуу максатында премьер-министр Сапар Исаков тарабынан кабыл алынганы маалым болду.

Бүгүн, 4-сентябрдагы маалымат жыйында Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов билдиргендей, учурда сатылган билеттердин саны такталып жатат. Тактоо иштери аяктагандан кийин ал билеттердин акчасы кайтарылат.

Ал эми, беттештин убактысын жылдыруу же техникалык жеңилүү деп табуу тууралуу чечим эки өлкөнүн федерациясынын жыйынынан кийин белгилүү болот. Бирок акыркы чечимди Азиянын футбол конфедерациясы чыгарат.

2019-жылдагы Азиянын Кубогу үчүн тандоо турунун алкагында эки өлкөнүн футболчулары эртең, 5-сентябрда беттешмек.

БУУнун качкындар менен иштеген башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, учурда Мьянма өлкөсүнүн аймагынан 27 миңден ашык мусулман чыгып кетти. Ошондой эле, 20 миңден ашык адам Бангладеш менен чектешкен аймакта жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3594
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу