Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фоторепортаж - Бишкекте «Азиз» базары өрттөндү

Turmush -  Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 34 өрт чыкты. Аларды өчүрүүгө 40 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен маалымдалгандай, Бишкек шаарындагы М.Ганди көчөсүндө жайгашкан «Азиз» базарынын имараттары өрттөндү. Болжол  менен 400 чарчы метр административдик имаратынын кабыл алуу бөлмөсү, азык-түлүк сакталуучу кампа, печенье жана торт чыгаруучу цехте азык-түлүктөр жана азыктарды чыгаруучу жабдыктар күйгөн.

Кийинчерээк ӨКМдин Биринчи май районундагы бөлүмүнүн өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Жаныгулова билдиргендей, өрт тууралуу маалымат бүгүн, 4-сентябрда саат 6:00да түшкөн.

«Өрт кондитердик азыктар даярдалган чакан цехте чыккан. Кампадагы товарлар толугу менен өрттөндү», - деди ал.

Өрт 7:40та чектелип, учурда анын кесепетин толук жоюу иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 587
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу