Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Ржевде полицияга пара берүүгө аракет кылган кыргызстандык адам 6 айга камалмак болду

Turmush -  Ржевде (Россия) полиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган кыргызстандык адам 6 айга камалмак болду. Бул тууралуу Pasmi.ru маалымдады.

Маалыматка караганда, соттук отурумда аталган окуя 2017-жылдын 18-майында болгондугу такталды. Полиция тарабынан кыргызстандык жаран Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп жүргөндүгү такталган. Ал жоопкерчиликке тартылбоо үчүн полицияга 15 миң рубль берүүгө аракет жасаган. Бирок полиция кызматкери акчаны алуудан баш тарткан.

Сот ага карата 6 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1886
Көп окулду
×