Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Президент А.Атамбаев чүйлүктөрдү Оштогу келиндердей короонун алдын шыпырууга чакырды

Turmush -  Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев чет элдик меймандардын алдында уят болбоо үчүн Чүй облусунун тургундарынан короосунун алдындагы аймактын тазалыгына көңүл бөлүүнү өтүндү.

«Бүгүн эртең менен биз апрель революциясынын баатырлары коюлган «Ата-Бейитте» куран окудук. Ал жерде биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөөгү жатат. Анын жанында Үркүндөн жана 1937-жылы репрессиядан курман болгондор жатышат. Бул жер тарыхый борборго айланды. Ошондуктан бул жерге жакын жайгашкан Таш-Дөбө, , Воронцовка, Арашан, Кой-Таш, Чоң-Таш жана башка айылдар үлгүлүү болушу керек. Мага таарынбагыла, кээде чет элдик меймандар менен келгенде уялам», - деди ал.

Өлкө башчы эртең менен үйүнүн жана короосунун алдын шыпырган Ош жана Жалал-Абад облустарынын кыз-келиндерин мисалга алды.

«Эгерде бул жерде мени келиндер угуп жатышса, алар дагы үйүнүн алдын шыпырышса жакшы болмок», - деп билдирди президент.

Өлкө башчы Россиянын президенти Владимир Путин менен, андан кийин башка чет элдик меймандар менен өтүп бара жатканда жолдо чар-жайыт жаткан желим бөтөлкөлөрдөн, желим баштыктардан ыңгайсыз абалга туш болгонун кошумчалады. Ал жергиликтүү тургундардан тазалыкка көңүл бурууну өтүндү.

«Жолдогу таштандыларды тазалап, тазалыкка өтөлү. Бул айылдар Кыргызстандын жүзү, себеби «Ата-Бейитке» туристтер келишет. Бир эле жаман калпак жашынакай кийинген адамдын кейпин бузуп койгондой, жолдогу чачылган таштандылар туристтин Кыргызстанга болгон бүтүндөй көз карашын өзгөртөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 21318
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
akipress23
21:04, 03 сентября 2017
Кочону айтат да, азыр чуйлук келиндер даяр турган тамак жасабай калган.
Нет аватара
bobka2004
10:58, 02 сентября 2017
Сен таза болсон,мен таза болсом коом таза болот
Нет аватара
makkg
09:26, 02 сентября 2017
Azir oshtuk kelinder dele kocho shipirbay kalishkan, ozbek kelinder ele kaldi,
Нет аватара
present3
01:41, 02 сентября 2017
там, где не гадят и не пытаются сглазить заговорами-часто подметать не приходится. так что "коркушат" деген создорду бекер эле айтып жатасынар.
Нет аватара
Matisa
18:59, 01 сентября 2017
Чуйлук эркектер аялына "чык кочону шыпыр " деялбаса керек:))))))))
Нет аватара
moment
17:13, 01 сентября 2017
Бул ото жонокой соз болгону менен мааниси терен философиялык соз болуптур. Журт башынын чакырыгын угалы туугандар, тазалыкты оз уйубуздон баштайлы, оз кочобуздон баштайлы анан баары таза болооруна шек жок. Короосунун алдын шыпырганды Таластын, Чуйдун, Нарындын жана Колдун келиндерине уйротуш керек. "Чоёктоттурбай!")
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу