Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Ташкентте Өзбекстандын биринчи президенти И.Каримовго арналган эстелик орнотулду (видео)

Turmush -  Ташкент шаарында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовго арналып тургузулган эстеликтин салтанаттуу ачылыш аземи белгиленди, деп маалымдайт Uzbekistan24. Монументтин ачылышына Өзбекстандын учурдагы президенти Шавкат Мирзиёев жана И.Каримовдун жубайы Татьяна Каримова катышты.

И.КАРИМОВ

Эстелик биринчи президентке резиденция катары кызмат көрсөткөн Оксарой имаратынын алдына орнотулган.

Ислам Каримов Өзбек Республикасын 1991-жылдан 2016-жылга чейин жетектеди. Ал 2016-жылдын 27-августунда ооруканага жеткирилип, 2-сентябрда көз жумганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 923
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:37,   24.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×