Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Фото — Жаза аткаруу кызматынын жана РИИБдин кызматкерлери пара менен кармалды

Turmush -  Кечээ, 30-августта ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын тергөөчүлөрү менен бирге Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын өкүлү Э.Н., Алай РИИБдин Сопу-Коргон аймактык милиция бөлүмүнүн жетекчиси Ы.У. жана ага лейтенантты пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБдин ички иликтөө кызматына Алай районундагы айылдардын биринин тургуну укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу болуп жатканы тууралуу арыз менен кайрылган. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Алай райондук бөлүмүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү аймактык милиция кызматкерлери ал адамдан жаза өтөө мөөнөтүн бүтүрүү чечимин чыгаруу үчүн 30 миң сом талап кылышкан.

Бул факт боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы чогулткан маалыматтардын негизинде түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулуктуу көзөмөлдөөчү прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Аталган кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөөнүн негизинде Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын өкүлү өкүлү Э.Н., аймактык милициянын жетекчиси Ы.У. жана милициянын ага лейтенанты кармалып, аларды текшерүү учурунда далилидер табылды. Учурда бул кылмыш ишин УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык тергөө бөлүмү териштирип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1645
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×