Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Сүйлөшүлгөн финал боюнча билдирүүлөр ушак, - Көк бөрү федерациясы

Turmush -  Кыргызстандын көк бөрү боюнча федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов көкпар боюнча дүйнө чемпионатындагы финалдык таймаш сүйлөшүлгөн деген билдирүүлөргө жооп берди. Финалда казакстандыктар кыргыз командасын уткан болчу.

Ж.Саматовдун айтымында, оюнда тиешелүү эрежелер сакталды.

«Таймаштар жакшы өттү. Бирок биздин жигиттер финалда жакшы оюн көрсөтө алышкан жок. Алар бардык аракеттерди көрүшкөнүн айтышты. Бирок жыйынтык ушундай болду. Бул спорт. Спортто кээде утасың, кээде утуласың», - деди ал.

Федерация тарабынан бардыгы камсыздалып, каржыланган.

«Алдын ала сүйлөшүлгөн таймаш боюнча билдирүүлөрдүн бардыгы ушак. Биз бир нече айдан бери даярдансак кантип сатылып кетмек элек? Биздин бардыгыбыздын 1-орунду ээлеп, өлкөнүн желегин бийик көтөрүү максатыбыз болгон. Биз элдин үмүтүн актай алган жокпуз», - деди Ж.Саматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 920
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×