Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстандык спортчу В.Полюдина Астанадагы жеңил атлетика боюнча марафондо жеңүүчү аталды

Turmush -  Ушул жылдын 27-августунда Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин 16 жылдыгынын, ошондой эле Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин формунун 25 жылдыгынын алкагында өткөн жеңил атлетика боюнча марафондо кыргызстандык спортчу Виктория Полюдина 42 км 195 метр аралыкка чуркоо боюнча биринчиликти багындырды.

Маалым болгондой, аталган марафондо спортчулар 42 км 195 метр, 10 км жана 2017 метр аралыктарга чуркашкан. Кыргызстандык спортчу Виктория Полюдина 42 км 195 метр аралыкка 5 миң спортчулар менен жарышка түшүп, жеңүүчү аталды. Ошондой эле, кыргызстандык спортчу жубайлар Илья Тяпкин менен Мария Коробицкая да аталган аралыкка чуркашты. Таймаштын соңунда, эркектер арасында Илья Тяпкин 42 км 195 метр аралыкты 02:24:12.96 убакытта чуркап өтүп, үчүнчү орунга ээ болсо, айымдар арасында жөө жарышка түшкөн Мария Коробицкая 02:43:51.72. убакыт менен төртүнчү орунга илинди.

Шанхай кызматташтык уюмунун 15 жылдыгына арналган биринчи марафон 2016-жылы Кытай Эл Республикасынын Куньмин шаарында өткөн. Ага аталган уюмга мүчө мамлекеттерден, ошондой эле Эфиопия, Кения, АКШ, Канада, Германия, Франция, Улуу Британия, Таиланд, Уганда жана Сенегалдан келген 15,6 миң спортчу катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 912
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 75 адам окуп жатат)
×