Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Видео — Кытайда 240 кг салмактагы жолборс адамга кол салды

Turmush -  Кытайдагы циркте 240 кг салмактагы жолборс үйрөтүүчүгө (дрессировщик) кол салды. Бул тууралуу «South China Morning Post» маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя Кытайдын түндүк-чыгышындагы Ляонин провинциясында болгон. Күбөлөр жолборс адамга кол салган учурда башка үйрөтүүчү аны таяк менен сабаганын тартып алышкан. Жыйынтыгында жолборс ага олуттуу зыян келтирген жок.

Цирктин өкүлдөрү кесиптеши жабыр тартпаганын, 8 жаштагы жолборс 10 күндөн бери күнүнө үчтөн шоуга катышып жатып чарчаганын билдиришкен. Ал жолборсту эс алдыруу үчүн цирктин иш графиги өзгөртүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 829
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу