Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Тамбовдук аялды 44 жолу бычак сайып өлтүргөн кыргызстандык адам 18 жылга камалды

Turmush -  Тамбов облусунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө айыпталган кыргызстандык 57 жаштагы адам 18 жылга камалды. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар маалымдады.

Маалыматка караганда, айыпталуучу Мичуринск районунун Устье айылындагы аял менен анын өгөй баласын өлтүргөн.

«2016-жылдын 1-декабрында алар кыргызстандык адамды конокко чакырышкан. Капыстан чыккан чатак учурунда конок үй ээсин бычак менен 7 жолу сайган. Андан кийин ал үйдүн кожойкесин өлтүргөн. Ал аны полго жыгып, мойнуна, төшүнө 44 жолу бычак сайган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 810
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×