Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Көк бөрү федерациясынын президенти И.Илмиянов: Жеңилүүнү да билиш керек (видео)

Turmush -  Жеңилүүнү да билиш керек, деп билдирди Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов.

Астанадагы көкпар (көк бөрүнүн казакча варианты) боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүндө Казакстандын командасы Кыргызстандын командасын жеңип, баш байгенин ээси болду.

И.Илмияновдун айтымында, көк бөрү — бул оюн, спорт.

«Эч качан жеңилбеген командалар менен спортчулар аз. Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы эрежелердин айырмасына карабай, көкпар боюнча дүйнөлүк чемпионатта өздөрүнүн оюнун, чеберчилигин көрсөтүштү. Эгерде оюн талаасында тайказан болуп, көк бөрүдөгү эрежелер колдонулса жыйынтык башкача болмок», - деди ал.

Федерация президенти билдиргендей, оюнда эң башкысы орун эмес, эң башкысы — чеберчиликти көрсөтүү.

«Жеңишти атайын алдыруу тууралуу айтылып жаткан маалыматтарга жооп бергим келет. Ар бир оюнчу өзүнүн чеберчилигин көрсөттү. Бул оюн. Алар болгон аракеттерин жасашты», - деп кошумчалады И.Илмиянов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1954
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу