Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстандагы эң жаш министр — 30 жаштагы Артем Новиковдун эмгек жолу

Turmush -  Бүгүн, 28-августта премьер-министр Сапар Исаков Экономика министрлигинин жамаатына жаңы министр Артем Новиковду тааныштырды. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, С.Исаков мурунку министр Арзыбек Кожошев өлкөнүн бакубаттыгы үчүн кызмат кылууну уланта турганын белгиледи.

30 жаштагы министр А.Новиков 1987-жылы мурунку Фрунзе шаарында төрөлгөн. Балтий мамлекеттик техникалык университеттен экономист-менеджер адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 2004-2006-жылдар — «Вест Ала-Тоо» ЖКЧда бухгалтер;

- 2006-2007-жылдыры — «Ататүрк» атындагы эл аралык коомдук фонддо бухгалтер;

- 2007-2008-жылдары — Кыргызстандын Экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлигиндеги инвестициялык саясат бөлүмүндө котормочу, үйрөнчүк;

- 2008-2009-жылдары — Экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлигиндеги инвестициялык саясат бөлүмүндө башкы адис;

- 2009-жылы — Өкмөт аппаратындагы бөлүмдө серепчи;

- 2009-2010-жылдары — Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин адам ресурстарын башкаруу кызматынын серепчиси;

- 2011-2012-жылдары — мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси;

- 2014-2015-жылдары — мурунку премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кеңешчиси;

- 2015-жылы — мурунку биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин кеңешчиси;

- 2017-жылы — Президенттик аппараттын финансы-экономика жана мониторингди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4117
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 68 адам окуп жатат)
×