Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Кийинки жумада Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёев келет

Turmush -  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев  кийинки жумада Кыргызстанга келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-августта Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

«Өзбекстандын президенти кийинки жумада Кыргызстанга келүүнү пландап жатат. Сиздер билгендей, бир аз убакыт мурда бизге Өзбекстандын премьер-министри келип кетти. Бул Өзбекстандын премьер-министринин биздин өлкөгө 26 жылдан бери биринчи жолу келиши», - деди ал.

Президент буга катар эле чек араларды тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

«Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек ара тилкелеринин 84%ы такталып калды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 621
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу