Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Улуттук банкты убактылуу Нурбек Жеңиш жетектейт

Turmush -  Кыргызстандагы Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Нурбек Жеңиш дайындалды. Бул тууралуу Tazabek басылмасы банктын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Нурбек Жеңиш Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп 2014-жылдын 22-августунан бери эмгектенип келген.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 26-августта вице-премьер-министрлерди жана өкмөттүн жаңы курамын дайындоо тууралуу буйрукка кол койгон. Анын негизинде Улуттук банкты жетектеп келген Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1541
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×