Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Милиционерлерди жардыруучу зат менен коркутуп качып кеткендердин бири кармалды

Turmush -  Бишкекте Патрулдук милициянын инспекторун тапанча жана жардыруучу зат менен коркутуп качып кеткендердин бири — 30 жаштагы К.Ч. кармалды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, аны мечиттин жанынан кармашкан. Ал Казакстандын жараны. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп, казакстандык экинчи шектүү — 1989-жылы туулган С.Д. изделип жатат.

ИИМдин маалыматына караганда, 24-августка караган түнү Ауэзов көчөсүндө темир жол өтмөгүнүн жанында Патрулдук милиция кызматкерлери жол эрежелерин бузуп, жол чыракка токтобой өтүп кеткен «Nissan Presage» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Тийиштүү документтерди текшерүү учурунда унаанын ичиндеги адамдар милиция кызматкерлерин тапанча жана жардыруучу зат менен коркутуп, качып кетишкен.

Шаардын ички иштер башкармалыгы «Nissan Presage» унаасы кийики күнү Көк-Жар конушунан табылганын, ал жерде тергөөчүлөр эксперттер менен иштеп жатканын билдиришкен.

Шектүүлөр

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 776
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×