Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Жаңы өкмөттүн курамы бекиди

Turmush -  Бүгүн, 26-августта президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

- Момуналиев Нурханбек Сакенович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүн аппаратынын жетекчиси – министри болуп дайындалды;

- Абдылдаев Эрлан Бекешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;

- Исраилов Улан Жумабекович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;

- Ахметов Уран Түлөндиевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;

- Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын финансы министри болуп дайындалды;

- Новиков Артем Эдуардович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды;

- Мурашев Нурбек Мурпазылжанович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды;

- Калилов Жамшитбек мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды;

- Боронов Кубатбек Айылчыевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;

- Кудайбердиева Гүлмира Каримовна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды;

- Казаков Түгөлбай Токтогулович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды;

- Исакунова Таалайкүл Базаркуловна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;

- Сегизбаев Абдил Кеңешевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

- Рыскулов Уланбек Дуулатович Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

- Абасканов Нурбек Эсенканович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

- Касымкулов Мирбек Абдыкаимович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2375
Көп окулду
×