Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка 40 жаштагы С.Исаковду колдоду (өкмөттөгү жаңы курамдын тизмеси)

Turmush -  
Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясындагы депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн жаңы курамын талкуулашты. Жыйын суроо-жооп менен уланып, жыйынтыгында премьер-министр кызматына Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун талапкерлиги жактырылды.
Өкмөттүн сунушталган жаңы курамы:

Биринчи вице-премьер-министр — Толкунбек Абдыгулов (41 жашта, Улуттук банктын төрагасы)

Вице-премьер-министр — Дүйшөнбек Зилалиев (44 жашта, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы)

Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр — Чолпон Султанбекова (48 жашта)

Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр  — Темир Жумакадыров (38 жашта, Коопсуздук кеңешинин катчысы)

Кызмат ордун сактап калгандар:

Тышкы иштер министри — Эрлан Абдылдаев (51 жашта)

Ички иштер министри — Улан Исраилов (43 жашта)

Юстиция министри — Уран Ахметов (37 жашта)

Финансы министри — Адылбек Касымалиев (56 жашта)

Айыл чарба жана мелиорация министри — Нурбек Мурашев (41 жашта)

Транспорт жана жолдор министри— Жамшитбек Калилов (60 жашта))

Өзгөчө кырдаалдар министри— Кубатбек Боронов (52 жашта)

Билим берүү жана илим министри — Гүлмира Кудайбердиева (50 жашта)

Саламаттыкты сактоо министри — Талантбек Батыралиев (57 жашта)

Маданият, маалымат жана туризм министри — Түгөлбай Казаков (66 жашта)

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри — Таалайкул Исакунова (50 жашта)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы — Абдил Сегизбаев (44 жашта)

Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы — Мирбек Касымкулов (49 жашта)

Экономика министри — Артем Новиков (30 жашта, Президенттик аппараттын финансы-экономикалык анализ жана мониторингди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы)

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы— Уланбек Рыскулов (44 жашта, буга чейин комитеттин төрагасы болчу)

Мамлекеттик байланыш комитетинин төрагасы — Нурбек Абасканов (36 жашта, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын башкармалыгынын төрагасынын орун басары) 
Өкмөттүн курамындагы өзгөрүүлөрдүн инфографикасы:
правительство
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5412
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 59 адам окуп жатат)
×