Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото — Милиционерлерди жардыруучу зат менен коркутуп качып кеткендердин сүрөтү жарыяланды

Turmush -  Милиция кызматкерлерин тапанча жана жардыруучу зат менен коркутуп, качып кеткен Казакстандын жарандары — 1989-жылы туулган С.Д. менен 1987-жылы туулган К.Ч. изделүүдө.

ИИМдин маалыматына караганда, кечээ, 24-августка караган түнү Ауэзов көчөсүндө темир жол өтмөгүнүн жанында Патрулдук милиция кызматкерлери жол эрежелерин бузуп, жол чыракка токтобой өтүп кеткен «Nissan Presage» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Тийиштүү документтерди текшерүү учурунда унаанын ичиндеги адамдар милиция кызматкерлерин тапанча жана жардыруучу зат менен коркутуп, качып кетишкен.

Шаардын ички иштер башкармалыгы «Nissan Presage» унаасы кечээ эртең менен Көк-Жар конушунан табылганын, ал жерде тергөөчүлөр эксперттер менен иштеп жатканын билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 951
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 72 адам окуп жатат)
×