Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Өзбекстандын 51 жаштагы тургуну баласына бензин чачып өрттөп жиберди

Turmush -  Өзбекстандын Фергана облусунун Олчин айылынын 51 жаштагы тургуну Курбанали Фазылов өзүнүн уулуна бензин чачып өрттөп жиберди. Бул тууралуу centralasian.org маалымдады.

Маалыматка караганда, ал 27 жаштагы баласын өрттөп жибергенден кийин жашырынып кетип, бирок көп өтпөй кармалган. Баласынын денесинин 70%ы күйүп, оор абалда.

Күбөлөрдүн айтымында, ата менен баланын ортосундагы чатак унаадан улам келип чыккан.

«Атасы бир жакка бармак болуп, баласынан унааны сураган. Бирок баласы унаа анын өзүнө керектигин айткан. Атасы жинденип, баласына бензин чачып өрттөп жиберди», - деп айтышкан күбөлөр.

Аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1382
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу