Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Түрк тилдүү боордоштор: Башкырлык жазуучу А.Баймухаметов кыргыз элин Ч.Айтматовдун китептеринен тааныган (фото)

Turmush -  Айгиз Баймухаметов 1988-жылы Башкыртстандын Белорецк районуна караштуу Абзаково айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Ал ата-энесинен эрте ажырап, балалык күндөрүн Серменевск балдар үйүндө өткөргөн. Жаш жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан таасирленип, кыргыз элин жакындан тааныган. Аны менен аймактык кабарчы азын-оолак маектешти.

- Айгиз мырза, сиз биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдон таасирленип чыгарма жазыптырсыз. Сөздүн башын ушундан баштасак.

- Мен алгач кыргыз бир туугандарым жөнүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан окуп билгем. Биздин көп каада-салттарыбыз, менталитетибиздин окшоштугуна таӊ берген элем. Ооба, Айтматовдун чыгармалары мени аябай таасирлентти. Ал менин маягым болуп калды. Менин чыгармаларымдын ийгиликке жетишине да Ч.Айтматовдун китептеринин салымы бар деп ойлойм.

- Демек, сиз кыргыз элин улуу жазуучунун чыгармаларынан тааныган экенсиз да?

- Ооба. Биздеги университетте журналистика факультетине сабак берген Соно Алиева деген кыргыз эже бар. Ал абдан өзүнө тыӊ жана интеллектуалдык деңгээли бийик эже. Мен ал кишини көрүп кыргыздардын айымдары кандай экенин баамдагам. Ал Уфадагы кыргыз биримдигинин жетекчилеринин бири болот. Эже ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, биздин тилде эркин сүйлөй алат. Башкырлар менен кыргыздардын достугун айтсам, бир сонун мисал бар. Чыңгыз Айтматов менен башкырлык Мустай Карим экөө аябай жакын дос болушкан экен. Алардын достугу эки элдин достугун чыӊаган.

- Демек, тамыры бир эки элдин достугу түбөлүккө кала турчу нерсе экен да.

- Эӊ туура. Бизде жакында эле «Манас» эпосу башкыр жана кыргыз тилинде жарык көрдү. Силердин президентиӊер бизге келгенде биздин өлкө башчыбыз ага «Урал-батыр» аттуу китепти белекке берген. Азыр аталган китеп Бишкекте басууга даярланып жатат. Демек, биздин руханий байланышыбыз тээ илгерки эпосторубузда, чыгармаларыбызда да жатат. Ата-бабаларыбыздан келе жаткан эки элдин достугун биз да татыктуу улантып кетишибиз керек.

- Чыгармаларыӊыз эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, көптөгөн сыйлыктарды алыптырсыз. Ийгилик, сырларыӊыз менен бөлүшө кетсеӊиз.

- Мен ата-энемен эрте ажырап, балдар үйүндө тарбияландым. Жазгандарымдын көбү жашоомон алынган. Чыгармаларымды басып чыгарбаган гезит-журналдар калган жок го. 2013-жылы «Аманат» журналы уюштурган республикалык сынакта «Таштаба, апа!» чыгармам «Башкырт республикасындагы эӊ мыкты чыгарма» наамын жеӊип алды. Ушул эле чыгармам чуваш тилине да которулду. 2015-жылы «Ҡалдырма, әсәй!» же «Таштаба, апа!» аттуу китебим үчүн Шайхзада Бабича атындагы республикалык жаштар сыйлыгына ээ болдум. 2016-жылы ушул эле чыгармамдан үзүндү катары «Кыялды алдынан тосуп чыгуу» деген аталыш менен М.Гафури атындагы Башкырт театрында спетакль коюлган. Спектакль республикалык деңгээлдеги эки сыйлыкка татыктуу болгон. Ушул эле жылы «Жомоксуз балалык» аттуу чыгармам жарык көрдү. Анда башкы каарман Ильясдын оор тагдыры жазылат. 2017-жылы «Таштаба, апа!» чыгармадан үзүндү катары «Аба эжын ургынууд» деген аталыш менен Х.Намсараев атындагы Бурят мамлекеттик академиялык театрында спектакль коюлду. «Таштаба, апа!» китебим башкыр элинде эӊ көп басылган китеп болду. Ал орус, чуваш, татар, казак жана азербайжан тилдерине которулган.

- Акыркы суроом болсун, билимиӊиз, үй-бүлөлүк абалыӊыз тууралуу учкай кеп кыла кетсеӊиз.

- Башкырт мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктадым. 2011-2016-жылдары «Башкыртстан» аттуу адабий гезитте кабарчы болуп эмгектендим. Азырынча үйлөнө элекмин. Бирок жакында пландар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1371
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
21:06,   21.11.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×