Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Милиционерлерди тапанча жана жардыруучу зат менен коркутуп качып кеткен адамдар изделип жатат

Turmush -  Милиция кызматкерлерин жардыруучу зат (граната) жана тапанча менен коркуткан белгисиз адамдарды кармоо планы жарыяланды. Бул туралуу АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 24-августка караган түнү Ауэзов көчөсүндө темир жол өтмөгүнүн жанында Патрулдук милиция кызматкерлери жол эрежелерин бузуп, жол чыракка токтобой өтүп кеткен «Nissan Presage» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Тийиштүү документтерди текшерүү учурунда унаанын ичиндеги адамдар милиция кызматкерлерин тапанча жана жардыруучу зат менен коркутуп, качып кетишкен.

Шаардын ички иштер башкармалыгы, «Nissan Presage» унаасы бүгүн эртең менен Көк-Жар конушунан табылганын, ал жерде тергөөчүлөр эксперттер менен иштеп жатканын билдиришти.
ИИМдин маалыматына караганда, белгисиз адам жардыруучу затты алып чыкканда, Патрулдук милициянын кызматкерлери бир нече жолу эскертүүчү ок чыгарышкан.

Учурда алардын канча адам болгону такталып, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1012
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу