Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы

Turmush -  Эртең, 25-августта Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы өкмөттүн курамын түзүү үчүн кезексиз жыйынга чогулат. Мурунку өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президентине талапкер болуп катталып, кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазган болчу.

Учурда премьер-министрдин милдетин Мухамммедкалый Абулгазиев аткарып жатат. Ал эми, парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлигин көрсөтө турганы маалым болгон.

Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы:

АКИпресс агенттигине маалым болгондой, биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевдин ордуна Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов келиши мүмкүн.

Вице-премьер-министр Олег Панкратовдун ордун Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин учурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ээлеши мүмкүн.

Ошондой эле, Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун талапкерлиги чек ара жана коопсуздук маселелерин караган вице-премьер-министрдин кызматына көрсөтүлүп жатат. Бул кызматты Жеңиш Разаков ээлеп келген.

Ал эми, экономика министри болуп Арзыбек Кожошевдин ордуна президенттик аппараттын финансы-экономикалык анализ жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Артем Новиков, өкмөт аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиевдин ордуна Нурханбек Момуналиев келиши мүмкүн.

Кийинчерээк АКИпресс агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирген маалымат боюнча, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу бонча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына буга чейин төраганын орун басары болуп келген Улан Рыскуловдун талапкерлиги карала турганын билдирди.

Ал эми, финансы министри болуп Мухаммедкалый Абулгазиев, Мамлекеттик байланыш комитетинин башчылыгына «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын башкармалыгынын мүчөсү Нурбек Абасканов келиши мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3636
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу