Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Видео, фото - Кыргызстандык балбан кыз А.Тыныбекова дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болду

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Францияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалды багындырды.

35911e67507cbb527a6bc4c66881138f_500_0_0

8fcf4caff9286ada060c29ef3ebb32e2_500_0_0

Маалым болгондой, ал 23-августта 58 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашкан. А.Тыныбекова биринчи беттеште германиялык спортчу Лаура Мертенсти, ал эми чейрек финалда нигериялык Аденийи Аминат Олувафунмилайону жеңип алды. Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта кыргыз балбан кызы Африканын 9 жолку чемпиону жана Риодо өткөн олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Марва Амриден утулуп калды.

Коло үчүн болгон беттеште А.Тыныбекова Кытайдын спортчусу Нининг Ронг менен беттешип, биринчи айлампада аны 5:2 эсебинде утуп алса, экинчи айлампада кыргыз спортчу эсепти 4:5ке кыскартты. Ал таймаштын калган убакытында дагы эки упай алып, 6:5 эсебинде жеңишке ээ болду.

Таймаштын жыйынтыгында А.Тыныбекова аталган салмак даража боюнча 2017-жылдын күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси аталды.

58 кг салмакка чейинкилер арасындагы беттештин жыйынтыгы:

1/8 финал

Айсулуу Тыныбекова – Лаура Мертенс (Германия) - 6:0

1/4 финал

Айсулуу Тыныбекова – Аденийи Аминат Олувафунмилайо (Нигерия) - 4:3

1/2 финал

Айсулуу Тыныбекова – Марва Амри (Тунис) — 7:8

Көңүл жубатуучу биринчи беттеш

Ирина Чихрадзе (Украина) — Нининг Ронг (Кытай) - 1:12

Коло медаль үчүн беттеш

Айсулуу Тыныбекова — Нининг Ронг (Кытай) - 6:5.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 903
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу