Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Дүйнөлүк чемпионат: Кыргызстандык көк бөрүчүлөр 3-турда да жеңүүчү, эсеп — 13:3

Turmush -  Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү Астанада өтүп жаткан көкпөр (көк бөрүнүн казакчасы) боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында бүгүн, 23-августта Түркиянын курама командасы менен беттешти. Үчүнчү турдагы оюн 13:3 эсеби менен Кыргызстандын пайдасына аяктады.

Кыргызстандыктардын башкы машыктыруучусу — Ислам Тазабеков.

Астанада 20-августта башталган дүйнөлүк чемпионат 12 команданын катышуусунда 28-августка чейин улантылат.

Кыргызстандыктар алгач 21-августта Моңголиянын командасы менен беттешип, эсеп 4:0 эсебинде биздин жеңиш менен аяктаган.

22-августта Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары ойноду. Жыйынтык — 11:2 жана жеңиш Кыргызстанда.

Кыргызстан—Өзбекстан 1-тайм

Кыргызстан—Өзбекстан 2-тайм

Эки турдун жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы 6 упай топтоп, А тобунда 1-орунга чыккан.

22-августтагы 2-турдун жыйынтыгы

Моңголия – АКШ – 10:4

Тажикстан – Түркия – 12:2

Кыргызстан – Өзбекстан – 11:2

Афганистан – Венгрия – 12:2

Кытай – Россия – 0:5

Казакстан - Азербайжан — 7:0 (техникалык утулуш)

Турнирдик таблица

А тобу

Кыргызстан — 6 упай;
Тажикстан — 6;
Моңголия — 3;
Түркия — 3;
АКШ — 0;
Өзбекстан — 0.

В тобу

Казакстан — 6;
Россия — 6;
Афганистан — 3;
Кытай — 3;
Венгрия — 0;
Азербайжан — 0.

Чемпионаттын алдында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасында өзгөрүү болуп, Манас Ниязов («Достук») менен Бактияр Жабагиевдин («Ынтымак») ордуна Акбар Иманбеков («Достук») жана Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») ойной турганы маалымдалган эле.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы:
- Жолдошбек Орозбаев («Ынтымак»), Арбат аргымагы менен;

- Тынчтык Кабылбеков («Ынтымак») – Торпедо;

- Карыпбек Эшиев («Ынтымак») – Эркетору;

- Урмат Раушан уулу («Ынтымак») – Ахиллес;

- Кубаныч Султан уулу («Биримдик Аюу») – Атаман;

- Нурманбет Койчукеев («Биримдик Аюу») – Туман;

- Рустам Тыналиев («Биримдик Аюу») – Комбат;

- Таштемир Замирбек уулу («Достук») – Алай;

- Аскат Батырбек уулу («Достук») – Токмок;

- Сейтбек Анарбек уулу («Ынтымак») – Алтынказ;

- Акбар Иманбеков («Достук») – Рекорд;

- Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») – Бойка.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3205
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×