Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Ырчы Динара Акулованын мурдагы күйөөсү Абдумалик Шерматов камакка алынды

Turmush -  Бишкекте ырчы Динара Акулованын мурдагы күйөөсү Абдумалик Шерматов камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 22-майда А.Шерматовдун үстүнөн арыз түшкөн. Арыз ээси 2015-жылы А.Шерматов андан концерт уюштуруу үчүн 600 миң сом карыз алып, бирок кайтарып бербей жаткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иш козголгон. Кылмышка шектелип 15-августта А.Шерматов кармалган. Соттун чечими менен ал 2-сентябрга чейин камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7466
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×