Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баракелде

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Сапар Исаковду көрсөтөт

Turmush -  Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик орунга талапкерди көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта АКИпресс агенттигине КСДПнын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, бул кызматка коалиция президенттин аппаратынын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлигин көрсөтөт.

Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы 25-августта өтөт. Учурда көпчүлүк коалицияны КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары түзөт.

Мурунку премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президентине талапкер катары катталып, кызматынан бошотулган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1425
Көп окулду
×