Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёев Кыргызстанга келет, - элчи

Turmush -  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Бишкектеги маалымат жыйында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

«Тараптар бул иш сапарды даярдап жатышат. Мөөнөттөрү дагы такталат. Иш сапар болот», - деди ал.

Өткөн жумада 2 өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда Сооронбай Жээнбеков КРнын президенти Алмазбек Атамбаев сентябрда Өзбекстанга иш сапары менен бара турганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1460
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×