Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Бишкекте өспүрүм кызды жигитинин көзүнчө 3 киши зордуктап кетти

Turmush -  Бишкектеги Свердлов РИИБдин кызматкерлери кыз-жигитти тоноп, өспүрүм кызды күч колдонуп зордуктоого шектелген адамдарды кармады. Бишкек ШИИБ окуя 18-августта саат 22:00 чамасында болгонун билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бирге жүргөн 3 адам Кара-Жыгач токоюнда кыз-жигит ээрчишип жүргөнүн көрүшкөн. Аларды тоноо максатында күч колдонуу менен Samsung 6S жана iPhone-7 үлгүсүндөгү телефондорун тартып алышкан. Аны менен токтоп калбай, 16 жаштагы кызды жигитинин көзүнчө үчөөлөп зордукташкан.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-берене жана 167-берене менен кылмыш иш козголуп, соттук-медициналык экспертиза кыз күч колдонулуп зордукталганы тууралуу корутунду чыгарган.

Шектүүлөрдү кармоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, көп узабай 3 адам — Жалал-Абаддагы Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну М.А., Жалал-Абад шаарында жашаган 1985-жылы туулган Ж.Ш. жана 1996-жылы туулган К.Д. колго түшүрүлдү. 20-август күнү Свердлов райондук соту шектүүлөрдү 2 айга камакка киргизип, тергөө иштери улантылып жатат.

Шектүүлөр

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6088
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×