Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Видео - Кыргыз көк бөрүчүлөрү моңголдорду 4:0 эсебинде утту

Turmush -  Көк бөрү боюнча Астанада өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыргызстандык команда Моңголиянын командасын 4:0 эсебинде жеңди.

Мелдеш кечээ, 21-августта өттү. Мелдеш өтүп жаткан учурда моңгол улакчысы Акби Бакытбек кыргызстандык Кубаныч Султан уулуна каршы ойноодо эреже бузду.

«Бул ачык эле эрежени бузуу. Бирок калыстар эч кандай чара көрүшкөн жок. Мындай учур 2016-жылдагы Көчмөндөр оюндарында Манас Ниязовдун катышуусунда болгон. Бирок анда ал калыстар тарабынан оюндан четтетилген», - деп билдиришти Sport АКИpress басылмасына КРнын Көк бөрү федерациясынан.

Кыргызстан менен Моңголия таймашын казакстандык калыстар тейлешти.

Окуя тууралуу:

16-августта көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Астана шаарына барган. Көк бөрүчүлөр Кыргызстандан 14-августта узатылган болчу. Астанада 20-28-август күндөрү өтө турган дүйнө чемпионатына 12 команда катышып жатат.

Чемпионаттын башталышында уюштуруучулар кыргызстандык командадан күлүктөрүнүн арткы туяктарындагы такаларын алып салууну талап кылган. Кыргызстандык көк бөрүчүлөр буга макул болбой (регламентте мындай шарт жок болчу), 1-турда Моңголиянын командасына каршы оюнга чыккан эмес.

Уюштуруучулар Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү 0:7 эсебинде утулду деп бүтүм чыгарып, андан кийин гана аттарынын такалары менен оюнга чыгууга уруксат беришкен. Мындан кийин Кыргызстандын командасы турнирге катышуудан баш тартып, артка кайтып келе жатышканы кабарланган.

Кийинчерээк Кыргызстандын командасы Моңголиянын командасы менен ойномой болгонун Sport АКИpress басылмасына КРнын Көк бөрү боюнча федерациясынан билдиришкен.

«Уюштуруучулар Кыргызстандын курама командасына Моңголиянын командасына каршы аттарынын арткы туяктарындагы такалары менен чыгууга уруксат берди», - деп айтылган маалыматта.

Кыргызстан—Моңголия таймашы дүйнө чемпионатынын расмий ачылышынан кийин Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталган.

Чемпионаттын алдында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасында өзгөрүү болгон.

Чемпионатта Манас Ниязов («Достук») менен Бактияр Жабагиевдин («Ынтымак») ордуна Акбар Иманбеков («Достук») жана Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») ойной турганы маалымдалган эле.

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы:

- Жолдошбек Орозбаев («Ынтымак»), Арбат аргымагы менен;

- Тынчтык Кабылбеков («Ынтымак») – Торпедо;

- Карыпбек Эшиев («Ынтымак») – Эркетору;

- Урмат Раушан уулу («Ынтымак») – Ахиллес;

- Кубаныч Султан уулу («Биримдик Аюу») – Атаман;

- Нурманбет Койчукеев («Биримдик Аюу») – Туман;

- Рустам Тыналиев («Биримдик Аюу») – Комбат;

- Таштемир Замирбек уулу («Достук») – Алай;

- Аскат Батырбек уулу («Достук») – Токмок;

- Сейтбек Анарбек уулу («Ынтымак») – Алтынказ;

- Акбар Иманбеков («Достук») – Рекорд;

- Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») – Бойка;

Башкы машыктыруучу — Ислам Тазабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1231
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×