Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Москвадагы токойдон кыз зордуктоого аракет кылган кыргызстандык жигит кармалды

Turmush -  Москванын полиция кызматкерлери 21 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган кыргызстандык жигитти кармады. Бул тууралуу «Москва» агенттиги маалымдады.

«20-августта полицияга 21 жаштагы кыз кайрылып, белгисиз адам аны караңгыда токойдон зордуктоого аракет кылгандыгын билдирген. Кылмышка шектүүнүн белгилери такталгандан кийин шектүү катары кыргызстандык 23 жаштагы жигит кармалып, жасаган аракеттерин мойнуна алды», - деп айтылат маалыматта.

Окуя Зеленограддын 12-кичи районундагы токойчонун ичинде болгон. Шектүү жигит жабырлануучу кызды дарактардын арасына сүйрөп барып, жерге жыгып зордуктоо аракетин көргөн. Бирок жолдон өтүп бара жаткан адамдардан коркуп, оюн ишке ашырууга үлгүрбөй жашырынып качып кеткен. Андан кийин кызды ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткиришкен. Учурда тиешелүү берене менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 657
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу