Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фото - Кыргызстандык көк бөрүчүлөр дүйнөлүк чемпионатта моңголиялыктарды 4:0 эсебинде утту

Turmush -  Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү көкпөрү (көк бөрүнүн казакча варианты) боюнча дүйнөлүк чемпионаттагы алгачкы беттешти жеңиш менен жыйынтыктады. Бүгүн, 21-августта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө Моңголиянын курама командасы менен башталган беттеш 4:0 эсебинде аяктады.

Кыргызстандыктардын башкы машыктыруучусу — Ислам Тазабеков.

Моңголиянын командасынын курамында бир катар казакстандык оюнчулар болду. Алардын арасында Казакстандын улуттук курама командасынын мурунку оюнчусу Абугали Абдужапаров дагы бар. Ал 2016-жылы өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Манас Ниязов менен болгон кагылышуудан жаракат алган.

Кыргызстандын командасы бүгүнкү оюнду активдүү баштап, эсепти Кубаныч Султан уулу 6-мүнөттө ачты. Андан бир мүнөттөн кийин Аскат Батырбек уулу дагы бир ийгилик алып келди. Муну менен биринчи тайм 2:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди.

Экинчи таймдын 20-мүнөтүндө Аскат Батырбек уулу дагы бир упай алып келсе, анын артынан Урмат Раушан уулу эсепти 4:0 эсебине жеткирди.

Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү дүйнөлүк чемпионаттын экинчи турун эртең, 22-августта Өзбекстандын курама командасы менен улантат.

16-августта көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Астана шаарына барган. Көк бөрүчүлөр Кыргызстандан 14-августта узатылган болчу. Астанада 20-28-август күндөрү өтө турган дүйнө чемпионатына 12 команда катышууда.
Буга чейин кыргыз көк бөрүчүлөрү дүйнө чемпионатына катышуудан баш тартканы маалымдалган. Ага чемпионаттын уюштуруучулары кыргызстандык командадан күлүктөрүнүн арткы туяктарындагы такаларын алып салууну талап кылганы себеп болгон. Кыргызстандык көк бөрүчүлөр буга макул болбой (регламентте мындай шарт жок болчу), 1-турда Моңголиянын командасына каршы оюнга чыккан эмес.
Уюштуруучулар Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү 0:7 эсебинде утулду деп бүтүм чыгарып, андан кийин гана аттарынын такалары менен оюнга чыгууга уруксат беришкен. Мындан кийин Кыргызстандын командасы турнирге катышуудан баш тартып, артка кайта турганын кабарлашкан.
Чемпионаттын алдында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасында өзгөрүү болду. Чемпионатта Манас Ниязов («Достук») менен Бактияр Жабагиевдин («Ынтымак») ордуна Акбар Иманбеков («Достук») жана Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») ойной турганы маалымдалган эле.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы:
- Жолдошбек Орозбаев («Ынтымак»), Арбат аргымагы менен;

- Тынчтык Кабылбеков («Ынтымак») – Торпедо;

- Карыпбек Эшиев («Ынтымак») – Эркетору;

- Урмат Раушан уулу («Ынтымак») – Ахиллес;

- Кубаныч Султан уулу («Биримдик Аюу») – Атаман;

- Нурманбет Койчукеев («Биримдик Аюу») – Туман;

- Рустам Тыналиев («Биримдик Аюу») – Комбат;

- Таштемир Замирбек уулу («Достук») – Алай;

- Аскат Батырбек уулу («Достук») – Токмок;

- Сейтбек Анарбек уулу («Ынтымак») – Алтынказ;

- Акбар Иманбеков («Достук») – Рекорд;

- Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») – Бойка.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1202
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу