Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Президент А.Атамбаев С.Жээнбековдун отставкага кетүү тууралуу арызын кабыл алды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетүү тууралуу арызын кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өлкө башчысы менен С.Жээнбеков бүгүн, 21-августта жолугушту. Анын жүрүшүндө өкмөт башчы мамлекет башчыга президенттикке талапкерлиги көрсөтүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер катары катталгандыгына байланыштуу отставкага кетүү тууралуу чечим кабыл алганы жөнүндө маалымдады.

С.Жээнбековдун айтымында, коомдук-саясий кырдаалдын жана Кыргызстандын саясий системасынын туруктуулугу өлкөнүн президенттик шайлоонун жыйынтыктарын күтпөстөн эле жаңы өкмөткө ээ болушу үчүн, ошондой эле «административдик ресурс» деп аталган нерсенин тегерегинде түрдүү чайкоочулукка жол бербөө максатында премьер-министрдин кызматынан отставкага кетүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылуусуна мүмкүнчүлүк берет.

«Алмазбек Шаршенович, Сиз ар дайым ушул позицияны колдоп келгенсиз. Ошондуктан эл сизди шайлоолорду таза өткөрүүнүн демилгечиси гана болбостон, анын кепилдиги деп эсептейт. Ошондуктан менин отставкамды кабыл алышыңызды өтүнөм. Мен үчүн бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөнүнө эч кандай күмөн саноо болбогон шайлоолордо жеңишке жетишүү принципиалдуу мааниге ээ», - деп кайрылды С.Жээнбеков.

Президент Алмазбек Атамбаев С.Жээнбековдун отставка тууралуу арызын кабыл алды жана бул кадам анын бийик адамгерчилигинин жана ак ниеттүүлүгүнүн жаңы далили катары эсептеле турганын белгиледи.

«Премьер-министр кызматында жүктөлгөн ишенимди толук актадыңыз деп эсептейм. Сиз жетектеген кабинет мен президент болгон мезгилдеги эң жакшы өкмөт болду», - деди А.Атамбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1121
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×