Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото - О.Назаровдун кызына керектүү кан топтолду, учурда абалы оор

Turmush -  Бокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Орзубек Назаровдун кызы үчүн керектүү өлчөмдө кан топтолду. Мотоциклист каза болгон кырсыктан оор жаракат алган 17 жаштагы Аделина Назарова учурда ооруканада.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакыт Исаков бүгүн, 21-августка карата берген маалыматына караганда, бейтаптын абалы оор.

Буга чейин О.Назаров социалдык түйүндөгү баракчасына оор абалдагы кызына кан зарыл болуп жатканын жарыялаган.

А.Назарова

Аделина Назарова

Окуя тууралуу:

Кырсык 19-августка караган түнү саат 01:30 чамасында Чүй менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде «Сузуки» үлгүсүндөгү мотоцикл менен «Тойота Пассо» унаасынын катышуусунда болгон. Мотоциклди башкарып бара жаткан 22 жаштагы К.В. оор жаракаттын кесепетинен ошол жерде каза болуп, анын жанындагы Аделина Назарова оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле, «Тойота» унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүлөрү жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

11
Тергөө иштериндеги алдын ала маалыматтар боюнча, саат 01:30 чамасында патрулчулар Тоголок Молдо көчөсүндө катуу ылдамдыкта бара жаткан мотоциклдин артынан түшүшкөн. Андан көп узабай ошол мотоциклдин катышуусунда жол кырсык болгон.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 281-берене менен кылмыш иш козголуп, тиешелүү экпертизалар дайындалды жана тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3741
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×