Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

«Айчүрөк» дүкөнүнө бомба коюлганын айткан «телефондогу террорист» аныкталды

Turmush -  Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Бишкектеги «Айчүрөк» борбордук универсалдык дүкөнүнүн аймагына жардыргыч зат коюлганы тууралуу жалган маалымат берген «телефондогу террористти» аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгисиз адам тарабынан кечээ, 20-августта саат 12:30 чамасында «Айчүрөк» борбордук универсалдык дүкөнүнүн (ЦУМ) аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымдаган. Имарат курчоого алынып, андагы адамдар сыртка чыгарылган болчу. Бирок текшерүү учурунда жардыруучу зат табылган жок.

Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында бул жалган маалыматты билдирген шектүү — Кыргызстандын 1990-жылы туулган жараны С.Т экени аныкталды. Учурда кылмыш иш козгоо үчүн материалдар Башкы тергөө башкармалыгына берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 877
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×