Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Кыргыз көк бөрүчүлөрү дүйнө чемпионатына катышуудан баш тартып, артка кайтып келе жатышат

Turmush -  Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы 21-августта Казакстандын Астана шаарында башталган дүйнө чемпионатына катышуудан баш тартты.

Чемпионаттын уюштуруучулары кыргызстандык командадан күлүктөрүнүн арткы туяктарындагы такаларды алып салууну талап кылган. Кыргызстандык көк бөрүчүлөр буга макул болбой (регламентте мындай шарт жок болчу), 1-турда Моңголиянын командасына каршы оюнга чыккан жок.

Уюштуруучулар Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү 0:7 эсебинде утулду деп бүтүм чыгарып, андан кийин гана аттарынын такалары менен оюнга чыгууга уруксат беришкен. Мындан кийин Кыргызстандын командасы турнирге катышуудан баш тартып, артка кайтып келе жатышат.

Окуя тууралуу:

16-августта көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы көкпөрү (көк бөрүнүн казакча варианты) боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Астана шаарына барган. Көк бөрүчүлөр Кыргызстандан 14-августта узатылган болчу.

Астанада 20-28-август күндөрү өтө турган дүйнө чемпионатына 12 команда катышмак.

Чемпионаттын алдында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасында өзгөрүү болгон. Чемпионатта Манас Ниязов («Достук») менен Бактияр Жабагиевдин («Ынтымак») ордуна Акбар Иманбеков («Достук») жана Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») ойной турганы маалымдалган эле.

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы:

- Жолдошбек Орозбаев («Ынтымак»), Арбат аргымагы менен;

- Тынчтык Кабылбеков («Ынтымак») – Торпедо;

- Карыпбек Эшиев («Ынтымак») – Эркетору;

- Урмат Раушан уулу («Ынтымак») – Ахиллес;

- Кубаныч Султан уулу («Биримдик Аюу») – Атаман;

- Нурманбет Койчукеев («Биримдик Аюу») – Туман;

- Рустам Тыналиев («Биримдик Аюу») – Комбат;

- Таштемир Замирбек уулу («Достук») – Алай;

- Аскат Батырбек уулу («Достук») – Токмок;

- Сейтбек Анарбек уулу («Ынтымак») – Алтынказ;

- Акбар Иманбеков («Достук») – Рекорд;

- Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») – Бойка.

Башкы машыктыруучу — Ислам Тазабеков.

Кийинчерээк Кыргызстандын командасына такалуу аттары менен Моңголиянын командасына каршы ойноого уруксат берилгендигин Sport АКИpress басылмасына КРнын көк бөрү боюнча Федерациясынан билдиришти.

«Уюштуруучулар Кыргызстандын курама командасына Моңголиянын командасына каршы чыгууда аттарынын арткы туяктарындагы такалары менен чыгууга уруксат берди. Мелдеш бүгүн, 21-августта өтөт», - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан—Моңголия таймашы дүйнө чемпионатынын расмий ачылышынан кийин Бишкек убактысы боюнча саат 17:00до башталат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 19963
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
qazzaq
15:44, 21 августа 2017
Тууура эле кылышты! Азаматтар! Намысты бекем сакташ керек! Казактар чын-ачык ойногулары келсе мынлай эреже бузууларга барбайт эле! Кыргыздардан коркуп, ар кандай амалдарды издеп жатканы ачык айкын билинип калды!
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу