Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отставкага кетет

Turmush -  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-августта түштөн кийин отставкага кетет. Бул тууралуу президенттикке талапкер экенин аныктаган күбөлүк алганда билдирди. Ал түшкө чейин өкмөт башчы катары өкмөттүн жыйынын өткөрөт.

«Көпчүлүк тарапташтарым отставкага кетпей, эмгек өргүүгө чыгуу менен ыйгарым укуктарды токтотууга үндөштү. Бардыгын таразалап көрүп, отставкага кетүүнү чечтим. Буга чейин бул маселе тууралуу президент менен талкуулаганбыз. Президент мени колдоого алды жана шайлоого башка талапкерлер менен бирдей шартта катышам», - деди С.Жээнбеков.

С.Жээнбековду премьер-министр кылып президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 13-апрелинде дайындаган. Аны КСДП президенттикке талапкер катары көрсөтүп, саясий кеңеш колдоого алган. 

Буга чейин өкмөт башчылыкка Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлиги көрөтүлө турганын АКИpress агенттиги маалымдаган эле.
Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1408
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу