Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

«Чык эшикке!»: Бюрократ чиновниктерди жаман көрөм, - өкмөт башчы

Turmush -  Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «Бешинчи канал» телеканалына маек берип жатып, атка минерди «чык эшикке!» деп кубалап чыгуусунун себебин айтты.

Анын айтымында, маанилүү ишти аткаруунун жөнөкөй жолу турганына карабай кечеңдетип, ишти оорлотуп жаткан бюрократ чиновниктерди жаман көрөт.

«Мен чиновникке «чык эшикке» деп айтканым үчүн кыжалат болдум, антип айтпашым керек эле. Ал отурумда биздин өлкөдө ушул жылы болгон өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу көйгөйлөр каралып жаткан. Каражат бөлүнүп, чечиле турган көйгөйлөр чечилбей жатканы ачуумду келтирди», - деди С.Жээнбеков.

Ал эми, өкмөттүн ишине жалпысынан оң баа бере турганын айткан.

«Өкмөт мүчөлөрү президенттин жана Жогорку Кеңештин чоң колдоосу менен тынчтыкта, бейпилдикте иштеди. Биз саясий дискуссия, оюндар менен алагды болбой, президент, парламент жана эл тарабынан коюлган максаттарга жеттик. Кыска мөөнөттүн ичинде өкмөт менен президент тарабынан бекитилген планды аткара алдык. 2016-жылдагы көрсөткүчтөр жакшы болгондуктан Жогорку Кеңеш бизди колдоду», - деди С.Жээнбеков.

Өкмөт башчы Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин директорунун орун басары Алмазбек Абдыкадыровду 20-июндагы жыйынга катыштырбай койгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1121
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу