Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Белгилүү боксчу Орзубек Назаровдун кызы мотоциклист каза болгон кырсыктан оор жаракат алды, учурда канга муктаж

Turmush -  Бишкек шаарында мотоциклдин катышуусундагы жол кырсыктан 22 жаштагы мотоциклист каза болуп, анын жанындагы 17 жаштагы кыз оор абалда ооруканада жатат. Жабырлануучу кыргызстандык белгилүү спортчу, дүйнөнүн жана СССРдин бир нече жолку чемпиону аталган Орзубек Назаровдун кызы — Аделина Назарова экени белгилүү болду.

О.Назаров социалдык түйүндөгү баракчасына оор абалдагы кызына кан зарыл болуп жатканын жарыялады.

1

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, жабырлануучу кыздын абалы өтө оор, учурда комада.

Окуя тууралуу:

Жол кырсык кечээ, 19-августка караган түнү саат 01:30 чамасында Чүй менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде «Сузуки» үлгүсүндөгү мотоцикл менен «Тойота Пассо» унаасынын катышуусунда болгон. Мотоциклди башкарып бара жаткан 22 жаштагы К.В. оор жаракаттын кесепетинен ошол жерде каза болуп, анын жанындагы Аделина Назарова оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле, «Тойота» унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүлөрү жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

11
Тергөө иштериндеги алдын ала маалыматтар боюнча, саат 01:30 чамасында патрулчулар Тоголок Молдо көчөсүндө катуу ылдамдыкта бара жаткан мотоциклдин артынан түшүшкөн. Андан көп узабай ошол мотоциклдин катышуусунда жол кырсык болгон.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 281-берене менен кылмыш иш козголуп, тиешелүү экпертизалар дайындалды жана тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13843
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
×