Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Видео - Самарканд шаарынан Меккеге нандын арасына апийим катып бара жаткан киши кармалды

Turmush -  Өзбекстандан Меккеге апийим менен чет өлкөлөрдүн валюталарын алып кетүүгө аракет кылган зыяратчы кармалды. Ажылык зыяратка жөнөп жаткан Самарканд шаарынын тургуну А.Шамши аларды Сауд Арабиянын аймагына алып өтүүгө аракет кылган, деп маалымдайт Өзбекстан 24 телеканалы.

Самарканд аэропортундагы бажы комитетинин кызматкерлери анын баштыгындагы нандын арасынан таап чыккан апийимдин жалпы салмагы 72 гр жеткен. Ошондой эле, андан 5 миң 722 доллар жана башка чет өлкөлөрдүн валюталары алынган.

Апийим — жан жыргатуучу таасир берүүчү баңгизат. Ал адамды тез арада психикалык көз карандылыкка жеткирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4507
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×