Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фото - Бишкекте 22 жаштагы кыз бөтөлкөлөшүн өлтүргөн деген шек менен кармалды

Turmush -  Бишкек шаарында 22 жаштагы кыз бөтөлкөлөшүн таш менен ургулап өлтүргөн деп шектелип жатат. Алар окуя болгонго чейин бирге спирт ичимдигин ичишкен.

АКИpress агенттигине милициядан маалымдалгандай, кечээ, 17-августта саат 16:30да «102» кызматына Гоголь менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде 40-45 жаштар чамасындагы эркек киши эс-учун жоготуп жатканы маалымдалган. Айтылган дарекке ыкчам топ жөнөтүлүп, тез жардам кызматынын дарыгерлери да барышкан. Эркек киши Улуттук госпиталга жеткирилип, каза болгону маалымдалган. Болжолдуу маалымат боюнча, жабырлануучу көп кан жоготуп, баш мээсинен жаракат алган жана мээсине кан уюган.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, белгисиз кыз жабырлануучу эркектин башына бир нече жолу таш менен ургулаган. Бул маалыматтан кийин ыкчам тергөө жүргүзгөн Свердлов РИИБдин кызматкерлери шектүү катары 1995-жылы туулган А.А. аттуу кызды кармашты.

Шектүү кыздын айтымында, каза болгон эркек киши ага бирге арак ичүүнү сунуштаган. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, алар мурда тааныш эмес болчу. Спирт ичимдигин ичкенден кийин кыз өзүн көзөмөлдөбөй калып, бөтөлкөлөшүн таш менен ургулаган.

Учурда шектүү камакка алынып, Свердлов РИИБ тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Шектүү

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7741
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу