Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

А.Атамбаев башкы прокурор И.Жолдубаеваны кабыл алды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-августта башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана укук коргоонун абалы, түрдүү кылмыштарга каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ишмердигин координациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

ИЖ

Биринчи кезекте экономика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана ага жол бербөө боюнча иштер активдештирилип жатканы маалымдалды. Ошондой эле, И.Жолдубаева өлкөнүн жаңы президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Конституциянын талаптарын так сактоо жана шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөөнү камсыз кылуу боюнча прокуратура органдарынын иштерин уюштуруудагы көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Президент жарандардын шайлоо укуктарын жана шайлоо процессине катышуучулардын укуктарын бузууга жол бербөө үчүн  алдыдагы шайлоолордун бардык этаптарында тиешелүү көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуунун өзгөчө маанисин белгиледи. Ал коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү зарылчылыгына  токтолуп, ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын жана өлкөнүн укук коргоо органдарынын системасын реформалоонун шарттарында бул иш өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1009
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×