Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Барселонадагы теракттан 13 адам мерт болду

Turmush -  Кечээ, 17-августта саат 17:05те Барселонада 13 адам каза болгон терактты «Ислам мамлекети» мойнуна алды. Бул тууралуу Amaq агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган террористтик уюмдун мүчөсү Рамбла бульварында ак түстөгү кичи автобус менен жөө адамдарды аралап кеткен. Анын кесепетинен 13 адам каза болуп, 80 адам жаракат алды. Кылмышкер деп шектелген Дрисс Укабир жашырынып кетүүгө үлгүргөнү менен көп өтпөй кармалды.

La Vanguardia басылмасы Дрисс Укабир буга чейин Марселде жашап, бир нече жолу мыйзам бузгандыгын кабарлады.

Publico басылмасы дагы бир куралчан шектүү ресторандардын бирине жашынгандыгын, бирок полиция менен атышуу учурунда өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

Барселонанын Камбрильс аймагындагы операциянын жүрүшүндө экинчи теракт алдын алынып, 4 жанкечти жок кылынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 642
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу