Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баракелде

Премьер-министрликке жаңы талапкер ким экени белгилүү болду

Turmush -  Парламенттеги көпчүлүк коалиция кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн. АКИpress агенттигине маалым болгондой, сессияны Сооронбай Жээнбековдон премьер-министрдин ыйгарым укуктары алынгандан кийин 21-августта өткөрүү пландалып жатат.

Анын ордуна көпчүлүк коалициядагы депутаттар Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлигин көрсөтүшөт.

Парламенттин кезексиз сессиясын президенттин, өкмөттүн же парламенттеги депутаттардын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси менен өткөрүүгө болот.

Учурдагы өкмөт башчы С.Жээнбеков Кыргызстандын президенттигине талапкер болуп көрсөтүлүүдө. Жаңы президентти шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.  

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8515
Көп окулду
×