Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

А.Атамбаев Өзбекстандын премьер-министри А.Ариповду кабыл алды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-августта Бишкекте Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин кыргыз-өзбек кызматташуусун чыңдоого кошкон салымы зор экендигин белгилеп, Өзбекстандын өкмөт башчысынын Кыргызстанга сапары достук жана жакшы коңшулаштык салттарынын, өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берээрине ишенимин билдирди.

Премьер-министр Абдулла Арипов президент Алмазбек Атамбаевге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин атынан салам айтып, өлкөнүн жетекчилиги Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда достук жана жакшы коңшулаштык мамилелерин чыңдоого багытталган ишти мындан ары дагы улантууга даяр экендигин маалымдады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчыларына маселелерди конструктивдүү диалогдун жолу менен чечүүгө саясий эрк бар экендигин эске салуу менен эки тараптуу кызматташуу жана өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун алкагындагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болушун каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 578
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу