Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Өкмөт башчы Н.Назарбаев менен жолукту (фото)

Turmush -  Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 14-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны алдында Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды. Жолугушуу Астана шаарында өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык биримдиги үч жылдан бери иштеп жатканын белгиледи. Бул аралыкта дүйнөлүк экономикада жөнөкөй эмес кырдаал түзүлүп, бул ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин экономикасына да таасирин тийгизди.

«ЕврАзЭС өнүгүүсүндөгү негизги фактор — бирдиктүү экономикалык структура менен жалпы рынокту түзүү. Товар алмашуу көлөмүнүн жогорулашы интеграциялык биримдикке кирген өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө таасирин тийгизет. Азыр биздин алдыбызда, өлкөлөр аралык кызматташууну бекемдөө милдети турат. Бул иште негизги роль ЕврАзЭС мүчө мамлекеттердин өкмөтүнө туш келет. Бүгүнкү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны ийгиликтүү өтүп, уюмдун мындан аркы өнүгүшүнө таасирдүү салымын кошоруна ишенем», – деди Казакстандын президенти Н.Назарбаев.

Жолугушууга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Армениянын премьер-министри Карен Карапетян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 800
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу