Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баракелде

«Сапат» мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, алардын жакындары Түркияга киргизилбеши мүмкүн

Turmush -  Түркиянын билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдем Бурса провинциясына болгон сапарында «Сапат» (мурунку «Себат») мекемелеринде билим алган кыргызстандыктар Түркиянын аймагына киргизилбей турганын билдирди. Бул маалыматты түркиялык маалымат каражаттары жарыялады.

Түркиянын кызматташуу жана координация боюнча агенттигинин жыйынында министрдин орун басары Кыргызстандан барган академиктерге кайрылып: «Туугандарга, досторго, тааныштарга айтыңыздар, алар террористтик мектептерге барбасын. Анда билим алгандарга Түркияга кирүүгө уруксат берген визалар жокко чыгарылат. Ошондой эле, Түркия ал мектептерде окугандардын жакындарын көрүүнү каалабайт», - деген.

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелери жалпы 11 миңге жакын адамга билим берип, миңге жакын мугалим эмгектенет. Ошондой эле, бул мектептердин 12 миңден ашык бүтүрүүчүлөрү бар.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын «Сапат» мектептерин жабуу тууралуу сунушун колдоого албай, мамлекет тарабынан көзөмөл күчөтүлө турганын билдирген. Өлкө башчы белгилегендей, Кыргызстанда мектептер жабылбайт, тескерисинче алардын саны көбөйөт.

Түркиянын бийлиги аталган мектептерди АКШда жашаган Фетхуллах Гүлен менен байланыштырып, аны өлкөдөгү аскердик төңкөрүш жасоого болгон аракеттерге катыштыгы бар деп айыптап келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3053
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×