Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстандык А.Муртазалиев джиу-джитсу боюнча Азия чемпиону аталды

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев джиу-джитсу боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Чемпионат NE-WAZA версиясы боюнча Вьетнамдын Ханой шаарында 12-13-августта өттү. Абдурахманхаджи Муртазалиев 85 кг чейинкилер арасында күч сынашты. Ал 1/8 финалда ирандык Хабиб Ранжибарды жеңсе, жарым финалда иорданиялык Хайдер Рашидден күчтүү экендигин далилдеди. Финалга чыгуу үчүн күч сынашууда казакстандык Андрей Гаврилюкту жеңди. Финалдык таймашта Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Халфан Балхолду менен күч сынашмак. Бирок атаандашы алган жаракатынан улам күч сынашуудан баш тарткан.

Жыйынтыгында Абдурахманхаджи Муртазалиев 1-орунду ээлеп, Азия чемпиону аталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 927
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×