Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

«Жубайлар»: Бакай-Атада 58 жыл бирге жашаган жубайлар бактылуулуктун сыры менен бөлүштү (фото)

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында жашаган 81 жаштагы Токманбетов Эсеналы ата менен 80 жаштагы Субаналиева Бопон апа.

Жубайлардын айтымында, алардын баш кошуп жашаганына быйыл 58 жылдын жүзү болду. Алардын 3 кыз, 1 уулу, 15 небере жана 2 чөбөрөсү бар.

«Жолдошум экөөбүз бир класста чогуу окучубуз. Ал мени жактырганын кат аркылуу билдирчү. Кечинде үй жакка келип, мен чыкканча күтүп турчу. Мен чыккандан кийин экөөбүз сүйлөшүп турчу элек. Айылда кино болуп калганда, ээрчишип алып көрүп келчүбүз. Мен дагы аны жакшы көргөндүктөн өзүмдүн макулдугум менен ага турмушка чыккам. Экөөбүз 1959-жылы үйлөндүк. Үйдүн улуу келини болдум. Кайненем оорукчан болгондуктан көп кыйынчылыктарды көрдүм. Күндүз колхоздун тамекисин жыйнап иштеп, кечкисин үйгө келип тамак, нан бышырчумун. Өмүр бою күнү-түнү башыбызды көтөрбөстөн тамекиде иштеп, бош убактымда саанчы да болуп жүрдүм.

Жолдошум бригадир болуп иштегендиктен кара жумуш кылчу эмес. Жолдошумдун ордуна эгин эгип, талаа сугарып, түнү менен суу кечкен күндөр болгон. Тапкан маянабыз 50-60 сом эле. Ал убакта бул чоң акча болчу. Талыкпаган эмгектин арты менен жолдошум экөөбүз 1960-жылы азыркы жашап жаткан үйүбүздү тургуздук. Кийин ушул үйгө көчүп келип, өзүнчө оокат кылып баштаганбыз. 3 кыз, 1 уулдуу болдук. Жашообуздагы көптөгөн кыйынчылыктарды жолдошум экөөбүз бирге жеңдик. Талыкпаган эмгек, бири-бирине болгон ысык мамиле адамдарды көп жашатат. Азыр уул-кыздарыбыздын сыйын көрүп жатабыз. Неберем Уландын колунда турабыз», - деди Бопон апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2475
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×